Жаңылыктар
Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы 1-августтан тарта жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы 1-августтан тарта жогорулады

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы 1-августтан тарта жогорулады. Мисалы, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө иштегендердин маянасы 2 эсе көбөйдү.

1-августтан тарта райондук маанидеги шаарлардын мэрияларында эмгек акынын өсүшү орточо эсеп менен 235%дан ашты. Август айынын башында Президент Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койгон. 

Бүгүнкү күндө мамлекет башчы тарабынан калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө.