Жаңылыктар
Баткенде Кадамжай-Чечме жолу жасалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде Кадамжай-Чечме жолу жасалууда

Баткен облусунда Кадамжай-Чечме жолу жасалууда. 54 чакырымга созулган жолго учурда асфальт төшөлүп жатат. Жолчулардын айтымында ноябрь айынын аягына чейин жол куруу иштери аякташы керек. 

Кадамжай шаары менен Чечме айылын байланыштырган жолдун курулушу үчүн аймакка атайын завод курулуп, сайдан чыккан шагылды майдалап берип жатат. Жолчулар учурда асфальт төшөө жумуштарын башташкан.

Бул жол ортодо Чечме айылына чейин Кадамжай менен Айдаркен шаарын дагы байланыштырып турат. Мындан жарым кылым мурда төшөлгөн асфальт жедеп эскилиги жетип, жамап-жаскап отуруп жарактан деле чыгып калган. Мындан эки жыл мурда өлкө башчысы келгенде жергиликтүүлөр көйгөйүн айтып кайрылышкан.

Жолчулардын айтымында курулуш иштери кеч күзгө чейин аякташы керек. 

Учурда иш ыргагы кызуу жүрүп сексенге жакын техникалар тартылган. Каржылоо маселеси толук түрдө республикалык бюджеттен бөлүнгөн.