Жаңылыктар
С. Жапаров: Жетим-Тоо кенин иштетүү чечими жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен гана кабыл алынат
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаров: Жетим-Тоо кенин иштетүү чечими жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен гана кабыл алынат

Жетим-Тоо кенин иштетүү чечими жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен гана кабыл алынат. Азыр эч кандай иликтөө жүргүзүлгөн жок. Президент Садыр Жапаров кендин айланасындагы кырдаалга, жалган маалымат тараткандардын сөздөрүнө ушундай комментарий берди. 

Азыр адистер геологиялык чалгындоо менен гана алек. Ал эми жергиликтүү тургундар өнүгүүнү колдосо, анда бул пайданын эсебинен мамлекет тышкы карызды төлөп, кыргызстандыктардын айлык акысын, пенсиясын, жөлөк пулун дагы көтөрө алат. 

Мындан улам Жетим-Тоо кенине байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратуунун кажети жок.