Бишкекте мас абалдагы агасын унаанын жүк салчу жагына салып алган айдоочуга айып салынды.
Социалдык тармактарда айдоочу адамды унаанын багажына салып айдап бараткан видео тараган.
Кайгуул кызматкерлери аталган унаанын Ош базарынын айланасынан табышкан. Тактоо учурунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тууганы экенин жана мас абалда болгондугун, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен багажга түшкөнүн айткан. Алар Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга келе жатышкан.
Мындай көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен кайгуул кызматкерлери айдоочуга карата авто ээнбаштык жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн эки протокол толтуруп, 8,5 миң сом айып салды.