Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу төрт айылдын жаңы конуштары таза суу менен камсыз болууда.
Бул долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук уюмдун колдоосу менен ишке ашып жатат.
Айыл тургундары белгилегендей жаңы конуштардагы жер тилкелери мындан он жыл мурун эле бөлүнгөн. Бирок ички инфра түзүм, таза суу, электр энергиясы жоктугунан турак жайлар курулбай келген.
Учурда эки айылда таза суу тутуму толугу менен тартылып, тургундарга суу берилди. Жыл аягына чейин долбоорду толугу менен ишке ашыруу каралып жатат.