Жаңылыктар
Ошто мектеп директорлугуна кайрадан сынак өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто мектеп директорлугуна кайрадан сынак өтөт

13-августта Ош облусунда мектеп директорлугуна талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өттү. Сынак Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда уюштурулду. 

Ош облусунда 244 воканттык орунга жалпы 541 талапкер катышкан. Мунун 169у 1-турдан, тагыраагы документтерди кабыл алуудан эле өтпөй калган. 2-тур - тестирлөө сынагынан 375 талапкердин 88 гана катышуучу босого балдан өткөн. Бул жалпы катышуучулардын 25 пайызын түзгөн. Эми бош калган воканттык орундар үчүн кайрадан сынак жарыяланат. 

Министрликтен билдиргендей, мектеп директорлугуна ат салышып, бирок өтпөй калган талапкерлер кайрадан тест тапшырып, сынакка катышса болот. 

Билим берүү жана илим министрлигинин талабы боюнча конкурска жогорку педагогикалык билими, жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы жана атайын педагогикалык билими, адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар катышат.