Үстүбүздөгү жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
International Olympiad in Informatics - бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат.
Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты. Улуттук олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы менен 4 окуучу Кыргызстандын наамын коргоо үчүн Индонезияга барган.