Жаңылыктар
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери атайын жобонун негизинде токтотулганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Издөө иш-чаралары жөнүндө "ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери беш аймакта эртең мененки саат 05:00дөн 21:00, 21:00-22:00гө чейин жүргүзүлдү. Суучулдар 20 метр тереңдикке киришти, көп сандаган куткаруу топтору тартылды. Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болбоду", - дешти ведомстводон. 

Министрликтен кыздын үй-бүлөсү куткаруучулары жок суу жээгинде эс алгандыгын, муну менен коопсуздук эрежелерин бузгандыгын кошумчалашты. Андан тышкары, ал күнү аба ырайы начар болгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда болжол менен саат 15:00дөр чамасында Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосундагы пляжда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. Кыз матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал болуп, аны толкун алып кеткен.