Жаңылыктар
Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынган балбан кыздар Бишкекке келди
Кыргызстан жаңылыктары
Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынган балбан кыздар Бишкекке келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. 

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады. 

Ислам шериктештиги оюндары быйыл Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу күч сынашууда. 

Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып жатат. Биздин кураманын куржунунда 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло. Оюндар 18-августка чейин уланат.