Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагына караштуу Чырпыкты айылындагы негизги жолдо толук оңдоп түзөө иштери жүрдү.
Бул көчөнүн узундугу үч чакырымдан ашып, акыркы отуз жылдан бери ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес.
Белгилей кетсек жол куруу иштери мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүп буга чейин эки чакырымдан ашыгына асфальт төшөлгөн. Быйыл жалпы жети жүз метрден ашыгына жаңы асфальт төшөлдү.
Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей айылдардагы жол оңдоо иштери мындан ары да улантылат.