Жаңылыктар
Кыргызстанда 200дөн ашык мектеп авариялык абалда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 200дөн ашык мектеп авариялык абалда

Кыргызстандагы калкынын саны боюнча эң чоң райондордун бири Ош обулусундагы Кара-Суу району. Аймактын өзүндө эле 132 мектеп, 93 бала бакча бар. Жаңы окуу жылын утурлай билим берүү мекемелери балдарды кабыл алууга камынып жатышат. Алардын бири сегиз миңдей эл жашаган Жийделик айылындагы Тажибаев атындагы орто мектеби. 70-жылдары пайдаланууга берилген билим жайында азыр нормадан 3 эсе көп окуучу бар.