Кезегинде жогорку жайды ийгиликтүү аяктап, андан кийин аспирантураны бүтүрүп, илимдин кандидаты даражасын алган Айжамал Иманова бир кездерде Сузак районундагы №5 мектепте иштеп жүрүп, билим берүүдөгү тааныш билиш, коррупциялык жагдайларга чыдабай, чет мамлекетке кетип калган. Мекениндеги акыркы учурларда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көрүп, кайрадан патриоттук сезими күчөп, өз өлкөсүнүн билим берүүсүнө салымымды кошсом деп кайра келди.