Жаза-аткаруу кызматы атайын жабдылган унаалар менен камсыз болушту. Бул өз кезегинде ишти жеңилдетет. Унаалардын ачкычын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы, Жазаларды аткаруу кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чарада тапшырды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочолоодо, аталган кызматтын иши маанилүү экенин белгиледи. Иш-чарага Юстиция министрлигинин, мекеменин жетекчилиги менен эмгек жамааты, ардагерлер катышты.