Балдарга карата зомбулук кылгандарга жаза катаалдашты. Өспүрүмдөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна доо кетиргендер эң аз 25 жыл эркинен ажыратылат же өмүр бою кесилет. Ошондой эле аларга мунапыс, мөөнөтүнөн мурда бошотуу сындуу ырайым чаралары колдонулбайт.
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.