Венгрияда Кыргызстандын маданий күндөрү расмий ачылды. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талант Кушчубеков, Венгрия Парламентинин Вице-спикери Шандор Лежак катышты.
Расмий конок катары "Түрксой" эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Дүйсен Касеинов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, Венгрияда жашап жаткан кыргыздар жана мамлекетик органдардын өкүлдөрү чакырылды.
Азамат Жаманкулов өз сөзүндө 2022-жылы Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун белгилөө менен, кыргыз-венгер мамилелери ишенимдүү мүнөздө болуп, тең укуктуулук жана өз ара урматтоосу системалуу түрдө өнүгүп келе жатканын белгиледи.
Кыргызстан менен Венгрия жөн эле дос, ишенимдүү өнөктөш жана союздаш эмес, түрк элдеринин түпкү биримдигине негизделген бир тууган эл экенин айтып, кыргыздар менен венгрлерди жалпы тарыхый тамыр байланыштырып тургандыгына токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын каада-салтын, маданиятын чагылдырган концерттик программа тартууланды. Анда манас айтылып, фольклордук ансамблдин аткаруусунда улуттук ыр- күүлөрү жаңырды.