Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте KOICA стипендиялык программасына ылайык, 40тан ашык мамлекеттик, муниципалдык жана мамлекеттик сектордун кызматкерлери өтүнмөлөрүн тапшырышкан.
Анын ичинен 14 кызматкер тандап алуу баскычтарынан ийгиликтүү өтүшүп, Кореяга окууга кетүүгө даярданып жатышат. KOICA 2022 программасынын стипендиаттары менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жолугушуп, аларга ийгиликтерди каалады.
Айта кетсек, кызматкерлердин квалификациясын көтөрүү максатында жыл ичинде мамлекеттик “буюртманын” эсебинен 2 миң 500 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окутулат. Буга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сомдон ашык каражат каралган.