Екатеринбургда кыргызстандык аял 300 миң рублга баласын сатууга аракет кылган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугушту.
Тергөөчү билдиргендей, кармалган жаран Кыргызстандын жараны болуп саналат. Учурда ага бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат, Екатеринбургдагы социалдык мекемеге дайындалган.
Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле шектүү жаранга адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө.