“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2 фазасынын алкагында салынып жаткан жолдор күзгө чейин жыйынтыкталат.
Көчөлөр эки тарабындагы тротуарлар жана ирригациялык тутуму менен кошо реконструкцияланууда. Аталган долбоордун экинчи фазасы эки жылга эсептелген.
Бул мезгил аралыгында беш көпүрө куруу жана 70 чакырымга созулган 60 көчөнү оңдоо пландалган.