Чолпон-Ата шаарындагы Алтын-Балалык ден соолукту калыбына келтирүү балдар борбору ишин улантууда. Азыркы тапта Бишкек шаарынан эки жүз он бала көл жээгинде эс алууда.
Белгилей кетсек быйылкы жылы жалпы эки миңге чукул бала президенттин атынан Алтын балалык ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алуусу каралган.
Буга чейин аталган борбордо өлкөнүн жети дубанынан балдар эс алып кетишти.