Жаңылыктар
Ошто айрым мектептер ашар ыкмасында курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто айрым мектептер ашар ыкмасында курулууда

Оштун Кара-Суу районунда ашар ыкмасында 2 мектеп салынып жатат. Аймакта жыл соңуна чейин 11 мектептин курулуп бүтөт.

Кара-Суу –Ош облусундагы эң чоң район. 132 мектеп, 93 бала бакча бар. Билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр.

Алардын бири 8 миңдей эл жашаган Жийделик айылындагы Хабибулло Тажибаев атындагы орто мектеби. 70-жылдары пайдаланууга берилген билим жайында азыр нормадан 3 эсе көп окуучу билим алат.