Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилет. Кызыл-Капчыгай, Мукур, Кашка-Суу, Райкомол айылында жана Кербен шаарында 5 спорт залдын курулушу жүрүп жатат, жакынкы күндѳрү пайдаланууга берүү алдында турат.
Ошондой эле Ак-Жол, Жаны-Жол, Кашка-Суу айылдарында 4 кичи футбол аянтчалары дагы курулууда. Белгиленгендей, спорттук имараттарды куруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.