Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат

Кыргызстандык спортчулар Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарына катышууну улантышууда. Бүгүн кыргызстандык спортчулар стол тенниси, таэквондо, эркин күрөш жана жеңил атлетика боюнча күч сынашат. 

Бул күнү дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова да таймашка чыгат. Ал эми алты күндүн жыйынтыгы боюнча кыргыз курама командасынын эсебинде 2 медаль - күмүш жана коло бар. Эркин күрөш боюнча 10-августта таймашка чыккан Нуртилек Карыпбаев коло медаль тагынса, Алмаз Сманбеков күмүш медалга ээ болгон.