Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык пункту курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, заманбап имаратка 4 сотых жер ажыратылып, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү тарабынан каржыланган. Милиция пункту Бишкек — Ош автожолунун боюнда жайгашып, трасса аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат.
Имараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөгөн компьютерге туташтырылган. Заманбап эшик, терезелер коюлуп, сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.