Жаңылыктар
Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

11-август таңкы саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.