“Эл үмүтү” стипендиясы үчүн документтер кабыл алынууда. Чет өлкөдөгү жогорку окуу жайына өткөн 4 улан-кыздан арыз берилди.
Стипендия чет жерде билимин улантууну максат кылган жаштарды колдоо үчүн берилет.
Дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларына өткөн 40 магистранттын жана чет жерде докторлук наам алууну каалаган 10 адамдын билим алуусуна сарптала турган чыгымдары толугу менен президенттин фондунан каржыланат.