Караколдо «Эмгек-Өспүрүм» рейдинин жүрүшүндө иштеп жаткан 12 жаш өспүрүм аныкталды.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Каракол шаарында атайын рейддик иш-чара өтүп, ага шаардык милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Рейддин жүрүшүндө базарлар, эмгек биржалары, унаа жуучу жана башка жайлар текшерилип, аталган жерлерде 12 өспүрүм иштеп жаткандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тиешелүү эмгек келишимдерин түзүшпөгөндүгү белгилүү болду.
"Аныкталган фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш берүүчүлөргө КРнын мыйзамдарына каршы келген балдар эмгегине жол бербөө боюнча катуу эскертүүлөр берилди", - деп айтылат маалыматта.