Жаңылыктар
Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Венгриянын Будапешт шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, маданият күндөрү 15-августта жыйынтыкталат. Аталган иш чаранын алкагында бир катар кызматташуу жаатындагы жолугушуулар, кыргыз маданиятынын көөнөрбөс байлыгы болгон көчмөн элдин жашоосун чагылдырган маданий программалардан турат. 

Ошондой эле маданий күндөрдүн алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусун 30 жылдыгына арналган бир катар иш- чараларга катышуу жана венгер элинин маданияты менен жакындан таанышуу максатында тарыхый - маданий жайларга зыярат кылуу сындуу бир катар программалар камтылат.