Жаңылыктар
Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду

Кыргызстанда жаратмандык чөйрөдө иш алып барган ишкерлерге жеңилдиктер каралат. Мамлекет башчысы кол койгон "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндөгү" мыйзам жаратмандарды колдоого багытталган. Муну менен Кыргызстан- акыркы жылдары дүйнөлүк экономиканын динамикалуу өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп саналган креативдүү экономика боюнча мыйзамын кабыл алган алгачкы өлкө болуп калды.