Жаңылыктар
Чикагодо Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чикагодо Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен АКШда жаңы консулдук ачылды. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Чикаго шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылып, толук кандуу иштей баштады. 

АКШда жашап жана иштеген кыргыз жарандары жарандык жана ички паспортторду жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, мекенине кайтуу күбөлүгүн алуу сыяктуу жана башка кызматтарды пайдалануу боюнча кайрыла алышат.