Жаңылыктар
Ошто каналга түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто каналга түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда

Ошто каналга түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта Ош шаарынын Учар айылынын Дача тилкесинде каналга 2015-жылы туулган бала түшүп кеткен. 

Бүгүн жеринде издөө иштери уланууда, жалпы 65 куткаруучу тартылган.