Ош облусундагы мал базарлардын шарттарын текшерүү үчүн Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия келерки аптада жыйынтыгын чыгарат.
Аталган жайларды талапка жооп бере тургандай абалга келтирүүдө чабал иш жүргүзгөн тийиштүү кызматтын жетекчилерине чара көрүлөт. Бул туурасында Ошто өткөн атайын жыйында айтылды. Ага, жети райондун агродепартаменттин жетекчилери, район жетекчилеринин орун басарлары катышты. Анда, азыркыга чейин жеринде тийиштүү иш аракеттер жүрбөгөнү сынга алынды.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 28-мартта жыйында республикадагы мал базарлардын абалын кескин сынга алган.
Мындай соода жайлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.
Ош облусундагы 11 мал базардын дээрлик баары талапка жооп бербейт. Жергиликтүү бийлик аталган жайларды оңдоо боюнча бир ай мөөнөт берди.