12-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Silk Road Mountain Race — 2022 эл аралык веложарышы башталат.
Ага 25 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Иш-чараны Ош шаарынын мэриясынын көмөгү менен Дене тарбия жана спорт департаменти уюштурууда.
Буга чейин Ош шаарында жазгы веложарыш өтүп, ага 2 миңдей адам катышкан.