Жаңылыктар
Айлык акыны төлөөдөгү негизги өзгөртүүлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Айлык акыны төлөөдөгү негизги өзгөртүүлөр

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда 2026-жылга чейинки мезгилге мамлекеттик сектордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүүнү сунуштады. 

Тиешелүү токтомдун долбоору учурда коомдук талкууга коюлду. 

Сунушталган концепцияда жыл сайын минималдуу базалык ченемин индексациялоо маселеси каралып, анда эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумунун республика боюнча Улуттук статистикалык комитети тарабынан белгилениши мерчемделген. 

Мамлекеттик сектордо эмгек акынын төмөн деңгээли мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жумушка орношуу үчүн жагымдуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Буга байланыштуу, бюджетик тармактын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн негиздүү өзгөртүүлөр киргизилиши керек. 

Концепцияда эмгек акыны төлөө системасынын бирдиктүү моделин жана кенемте, кызыктыруучу төлөмдөрдүн бирдиктүү түрлөрүн киргизүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомство, уюм жана мекемелердин жетекчилерине кызматкерлерди сыйлоо, алардын ишинин сапатын жакшыртуу, мамлекеттик орган, мекеме, уюмдун ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлоо үчүн пайдаланылбаган эмгек акы фондун өз алдынча кайра бөлүштүрүү укугун берүү, бюджеттик сектордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү каралган.