Жаңылыктар
Аламүдүндө шамал бир нече үйдүн чатырын учурду
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүндө шамал бир нече үйдүн чатырын учурду

Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен. Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. 

Мындан улам табигый кырсык катталган дарекке 6 куткаруучу, электр тармактарынан 3 бригада тартылган. 

Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Тактоо иштеринен соң шамал 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келгендиги белгилүү болду.