Келерки жылдын жазына чейин Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун техникалык экономикалык негиздемеси толук даяр болот.
Тараптар азыр техникалык маселелерди кыска мөөнөттө чечүү максатында жигердүү иштеп жатышат.
Учурда жергиликтүү адистер Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо жана изилдөө институтунан келген адистер менен бирге Нарын жана Жалал-Абад облустарында изилдөө жумуштарын алып барууда.