Бишкекте "Кара-Кечеден" алып келинген көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасы кабарлап, кара алтынды арзан учурунда сатып алууга чакырууда.
Борбор калаада алты ири көмүр кампасы иштеп жатат. Былтыр көмүр тартыштыгы жаралган. Баа негизсиз жогорулатылган учурлар да катталган. Андагы абал кайталанбашы үчүн кышка даярдык эрте башталды. Жай мезгилине карабай көмүр сатып алууну каалагандар көп.
“Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кечеде иш тынымсыз жүрүп, калктуу аймактарга жетиштүү көлөмдө жеткирилип жатканын билдирүүдө. Кендин өзүндө көмүрдүн тоннасы 1450 сомдон.
Кыргызстандын көмүрдү жылдык керектөөсү эки жарым миллион тоннаны түзөт. Бишкек жылуулук электр борбору жыл сайын миллион тоннадан ашык сатып алат.