Кыргызстандын валюта базарында накталай эмес АКШ долларынын жетишсиздиги жок.
Ошол эле учурда Улуттук банк акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жатат. Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистик жагдайлардын кесепетин жөнгө салуу максатында бир катар чаралар көрүлгөн.
Азыркы учурда Кыргызстандын валюта рыногундагы жагдай, негизинен соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюта рынокторундагы абал менен шартталган. Ал ортодо акыркы айларда Кыргызстанда нак чет өлкө валютасына талап жогорулагандыгы байкалууда, буга АКШ жана Евроаймактын борбордук банктары Россияга нак АКШ долларын жана еврону берүүнү токтотушу себеп болууда.