Жаңылыктар
Кыргызстандын валюта базарында накталай эмес АКШ долларынын жетишсиздиги жок
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын валюта базарында накталай эмес АКШ долларынын жетишсиздиги жок

Кыргызстандын валюта базарында накталай эмес АКШ долларынын жетишсиздиги жок. Бул тууралуу Улуттук банкттын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. 

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөнүн валюта рыногундагы жагдай, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюта рынокторундагы абал менен шартталган. Ал ортодо акыркы айларда Кыргызстанда нак чет өлкө валютасына талап жогорулагандыгы байкалууда, буга АКШ жана Евроаймактын борбордук банктары Россияга нак АКШ долларын жана еврону берүүнү токтотушу себеп болууда. 

Айта кетсек өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистик жагдайлардын кесепетин жөнгө салуу максатында, Улуттук банк тарабынан кризиске каршы бир катар чаралар көрүлүп жатат.