Жаңылыктар
Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында бир жаран Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Кыймылсыз мүлккө мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россиянын жаранынан 3 миң доллар талап кылган. 

2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, кармалган адам кылмышты жасоого шектелип, Юстиция министрлигине караштуу N53 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. 

Учурда тергөө иштери уланууда.