Жаңылыктар
Сак болуңуз! Тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда
Кыргызстан жаңылыктары
Сак болуңуз! Тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 8-12-август күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.