Жаңылыктар
Мас абалында унаа башкаргандар жазаланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мас абалында унаа башкаргандар жазаланды

Акыркы жумада республикада 16 миң 903 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Рейддик иш-чаралардын негизинде бир жумада транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3404, тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 187, эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5815, автоээнбаштык – 10, мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 245 айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлүп айып пул салынды. Ал эми унаа токтотуучу жайга 795 унаа киргизилди.