Белгилүү драматург Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча "Манас" үчилтигин англис тилине Акылай Байматова которгон, анын бет ачары 9-августта Улуттук китепканада өтөт.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси катышары күтүлүүдө.
Китептин ачылышында англис тилинде манас айтылып, чет тилдеринде сахналаштырылган бөлүмдөр коюлат. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.