Бишкек шаарында эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Чоң-Арык айылынын Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө таңкы саат 04:40та Ленин жана Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 2 бөлүм тартылган. Өрт 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.