Июль айынын башында Президенттин тапшырмасы менен башкы прокурор, ички иштер министри жана министрплер кабинетинин төрага орун басары, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү аймактарды кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүп, эелеттиктердин көйгөйүн жеринен угуп башташкан. Анда түштүк облустарды кыдырып келишкен. Эми бул саамалык сары-өзөн Чүйдө уланууда. Узаган аптада райондорду кыдырган андай жолугушууларга дубандын 2000 миңден ашык тургуну катышты.
Жолугушууларды карап отуруп, элет элинин көтөргөн маселелери, чечилбеген көйлөрү окшош экенинин байкоого болот. Ар бир жыйында таза суу, сугат суу, мектеп, бала бакча, жол сыяктуу инфраструктурага байланышкан суроолор же талаптар айтылат. Аны менен бирге укук коргоо органдарынын ишине байланышкан, адилет чечимге жетпей жүргөн, тергөөчү менен прокурордон запкы көргөн, соттун акыйкат корутундусун издегендер арбын. Жергиликтүү бийликтин чабал аракетин айтып даттангандар көп. Мындай көйгөйлөр негизи өлкө башчынын аймактарга болгон сапарларынын ар биринде айтылат. Убакыттын аздыганан улам президент көбүн угуп жетишсе, көбүн кат түрүндө кабыл алат. Бере албай калгандар да көп.
Мындан улам мамлекет башчысы тийиштүү жетекчилерди эл менен жолугушуп, көйгөйдү жеринен угуп, колдон келсе чечүү тапшырмасын койгон. Мындай жолугушуулар эми түндүк облустарда да уланат.