Дал ушул соттор менен болгон жолугушууда өлкө башчысы сот тутумунун аппарат кызматкерлеринин айлыгы 1-августтан тарта көтөрүлө турганын билдирди.
Сот аткаруучулар менен сот приставдар үчүн кызматтык автоунаа менен камсыздоону чечүү маселеси каралып жаткандыгын айтты. Эми ушул жерден айлык маселесине келсек, 1-августтан тарта жалгыз эле сот тутумунун аппарат кызматкерлеринин эмес бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйдү. Алардын саны 58 миңден ашат.
Тактап айтканда министрликтерде, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө, райондук маанидеги шаар мэрияларында, айыл өкмөттөрүндө иштегендердин айлыгы көбөйдү.
Маселен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, акимчиликтин бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, августтун аягында ал 41 319 сом алат.
Минтип маянаны көбөйтүүнүн негизги максаты мамлекеттик жарандык кызматчылар менен муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Болбосо айлыктын аздыгынан улам мамлекеттик кызматка келгендер аз, келсе да билимдүүлөрү, иш билгилери көп кармалбай ишкерлик менен бизнеске кетип калышат. Мындан улам азыр ар бир мамлекеттик мекемеде бери дегенден бештен бош кызмат орундары бар.
Маянанын көбөйгөнү мамлекеттик кызматкерлерге карата жоопкерчиликти да күчөттү. Экинчиден жетекчилердин ишти талап кылганына жакшы болду. Үчүнчүдөн алар үчүн стимул. Айлык менен бирге мурда алынып салынган үч айда бир бериле турган сый акы да калыбына келтирилди.