Жаңылыктар
“Араб координациялык тобу” Кыргызстанга 500 млн АКШ долларын мобилизациялады
Кыргызстан жаңылыктары
“Араб координациялык тобу” Кыргызстанга  500 млн АКШ долларын мобилизациялады

Узаган аптада Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун Төртүнчү тегерек столу өттү. 

Бул координациялык топко Ислам Өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык фонду же мунай экспорттогон өлкөлөр уюмунун фонду, Катар өнүктүрүү фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду кирет. Аткаруу бийлиги аларга инвестиция салып, бирге ишке ашырууга кызыктар болгон долбоорлорду көрсөтүштү.

Төртүнчү тегерек столдун алкагында 13 долбоорго каржылык колдоо тартуу маселеси каралды. Эгерде сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, тартылган каражаттар төмөнкү тармактарга багытталат. Алар ипотекалык насыялоо, транспорт, саламаттыкты сактоо, ирригация, билим берүү, байланыш тармагы.