Жаңылыктар
Жергиликтүү соттордун 312 судьясы өлкөнүн аймактарына ротацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү соттордун 312 судьясы өлкөнүн аймактарына ротацияланды

Узаган аптада президент Садыр Жапаров Жогорку сотко барып, судьялар корпусу менен жолугуп, тутумдагы реформанын ишке ашуусу менен таанышты. 

Жогорку соттун төрагасынын айтымында реформа үч багыт менен ишке ашууда. Биринчи этаптын алкагында соттордун айлык маянасы көбөйтүлүп, каржылык колдоо аркылуу көйгөйдү чечүүнүн аракети көрүлдү.

Экинчи багытты алсак, үч жүздөн ашуун жергилүктүү соттордун судьялары ротацияланды. Мындай кадамга баруудагы негизги максат тармакка тамырын кенен жайган тааныш билиштик менен коррупцияны азайтуу болду. Экинчиден кадр маселеси турат. Борбордогулар аймактарга, аймактагылар борборго келип тажрыйба топтошот. Билимин арттырышат. Реформаны ишке ашыруудагы үчүнчү багыт адам факторун азайтуу, санарипти киргизүү болду. Бул багытта учурда судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүргөн маалыматтык система, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындаган, соттордун курамын түзгөн тутум иштеп жатат. Ар бир сот залы видео, аудио жабдыктар менен камсыздалууда.

Албетте, бул иштин баары жүз пайыз аткарылып, бирок соттун акыркы чечими адилет болбосо реформа бир тыйын. Андыктан сот адилеттиги чечимден жана абийирден көз каранды. Антейин десең алардын көз каранды болбой чечим чыгаруусун шарттаган негизги факторлор да ушулар. Судьялар корпусу менен жолугуу маалында өлкө башчысы соттор жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу керек экенин белгиледи. Коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу - учурдун талабы экендигин айтты.