Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады, ага жалпысынан облустун 2 миңден ашуун тургуну катышты.
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемин жана Чүй райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул жолугушуулар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталган.