Коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу - учурдун талабы. Аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер Жогорку Сот тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Жогорку Сотко барып, судьялар менен жолугушкан маалда билдирди.