Жаңылыктар
Улуттук боштондук күрөштүн курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук боштондук күрөштүн курмандыктары эскерилди

1916-жылдагы көтөрүлүштүн курмандыктары эскерилди. Жыл сайын августтун биринчи жумасы Улуттук боштондук күрөштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. 

Бул максатта тарыхчы, илимпоздор жана коомдук ишмерлер Улуттук китепканага чогулуп, набыт болгондорго арнап куран окулду. Кыргыз элинин тарыхындагы 1916-жылы болуп өткөн трагедиялуу окуя - “Улуу Үркүн” деген аталыш менен тарыхта калды. 

Анда кыргыз эли, Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепеттеринен келип чыккан оор абалга каршы массалык түрдө көтөрүлүшкө чыккан. 

Ал окуя совет мезгилинен кийин деле толук кандуу изилденбей, татыктуу баасын ала элек дешет уюштуруучулар.